26-февральда Талас шаарында ОБСЕнин колдоосунда жана Акыйкатчысынын Талас облустук өкүлчүлүгунүн демилгеси менен «Терроризмге каршы күрөшөлү» атту темада тегерек стол өтту.
Жогорудагы айтылган жыйынга учурдагы дүйнөдөгу эң олуттуу темалардын бири болгон террорчулукка каршы ислам дининин таамай көз карашын билдирип, жеткирүүгө аракет кылган жана алдын алууга иш аракеттерди жасап жаткан, Талас облустук өкүлчүлүгүнүн укуктук тартип,коопcуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Шаардык жана райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү ошондой эле Талас мамлекеттик университетинин студенттери да катышышты. Жыйындын жүрүшүндө ОИИБнын башчысы Капалов Адылбек Эшимканович азыркы учурда терроризмдин күчөп жана Талас өрөнү коркунучтуу абалда турганын ошондой эле тилекке каршы Сирия мамлекетине барып келген үй бүлөлөр бар экенин дагы кошумчалады. Өз сөзүндө азыркы учурда 522 үйбүлө турмуштук оор кырдалда деп, 14миң тышкы жана ички мигрант үйбулөлөр аныкталганын айтты. Тегерек отурумда көтөрүлгөн жана талкууну жараткан маселелер учурдагы террозимдин жааматтарына үгүттөлүп кирип жаткан үйбүлөлөрдү жана жаштарды кантип токтотсок болот? ошондой эле эң негизгиси мектеп программасына динди таану сабактарын киргизүү сунуштар болду. Мындан ары ушул темада аймактык түшүндүрү иштери жүрөрү айтылды.
Даярдагандар: Нурланова Кымбат Сабитова Чолпон.