
Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында “Жаш таланттар-2016” фестивалы 25-февралда болду. Фестивалга беш айыл катышып, ар бир айылдан отузга жакын окуучулар келишти.
Окуучулар келген айылдарды тосуп алышып, ар бир мектепке өзүнчө даярдалган кабинеттерге киргизишти. Андан соң фестиваль башталып, таланттуулар өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатышты.
Жан-Булак айылынын мектеп директору Майрамкүл Мусаева фестивалдын жүрүшүн төмөнкүчө баяндап өттү.
“Жанрлардын бардыгы толук болбосо дагы ортодон жогору деңгээлде болду окшойт. Бий жагынан бардык мектеп жакшы даярдыкта келишиптир. Буюрса ушул ишибизди окуучулар актайт деген ойдомун”, — деди Майрамкүл Мусаева.

Андан соң Жан-Булактын окуучулары даярдаган дасторконунан даам сыздык, бий акыркы жанр болгондуктан аны башка бөлмөгө кирип көрдүк.
Мектеп окуучулары фестивалдын жакпаган жерлерин да айтып өтүштү. Бактыгүл Жусубалиева Жан-Булак орто мектебинин окуучусу:
“Аябай жакшы деңгээлде болуп жатат деп ойлойм. Негизи баары жакшы даярданыптыр. Баары эле жакты бирок кол өнөрчүлүк, дастан айтуу, кол аспапта ойноо ушулар азыраак болду десем болот».

Калыстар тобунун мүчөсү Турдубай Кыдыров ушул жумада Нарын районунун мектептеринде «Жаш таланттар-2016» фестивалынын жумалыгы өтүп жатканына токтолду.
«24-февралда Эчки-Башы айылында болгон. Буга беш мектеп катышып жатат. Жобо боюнча 11 жанр боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшүп, күчүн сынашты. Бүгүн комузчулар, кол өнөрчүлөр, айкелчилердин таланттарын көрдүк, былтыркыларга салыштырмалуу өрөндө кичине жылыштар бар экен. Кээ бир кемчиликтер болду балдарды даярдабай келишкен ошентсе да өрөөндүк фестиваль жакшы болду», — деди Турдубай Кыдыров.

Достук айылынын окуучусу Сыймык Ишенбай уулуна иш-чарага ар кайсы тамактардын жакшы жасалганы жана тартиптин сакталганы жаккан.
Даярдаган: Майрам Төрөгелди кызы, Жанара Баялиева
Сынак үчүн