Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагындагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинин бактары жаңыланууда. Бул тууралуу аталган мектептин мүдүрү Асия Исмаилова билдирди.

Анын айтымында мектептеги бактар 1963-жылы отургузулган. Азыркы учурда картайып,түшүм бербей калган ал дарактардын шактары калбай дүмбүрлөрү эле калган жана мектеп окуучуларга коркунуч келтирип жаткандыктан улам аларды жаш көчөттөр менен алмаштыруу иши башталды.

— Эски бактарды былтыртан бери кыйа баштадык. Кыйылган бактардын бир бөлүгү отун үчүн айылдагы бала бакчага берилди. Калган отундар мектепте иштеген мугалимдерге берилди,калгандарын айылдыктар үчүн бир түбү 200дөн 500 сомго чейин сатылууда — деди мектеп директору Асия Исмаилова.

Т.Айбашев атындагы орто мектебинин эски багында баш аягы 140 алма түбү болгон. Учурда ар бир бактын ордуна кайрадан алма көчөттөрү отургузулууда. Бакты өстүрүү үчүн атайы тандалып алынган багбанга беш жылга ижарага берилет.Ижарага алган балбан 5 жылда көктөтүп берет көктөткөн балбанга эч кандай акы төлөнбөйт ошол бактан чыккан чөптү эле алат.
Даярдагандар: Кызжибек Кушбакова Марлен Жамалов.
Сынак үчүн