Базар-Коргон районуна караштуу Коктонду айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) абалы начар. Айыл тургундары мекеменин ичине кирип дарылануу коркунучтуу экенин билдиришти.
Атыргүл Миңбаева ФАПта акушер болуп иштейт. ФАПтын имараты кооптуу болгону менен азыркы кезде да иштеп келе жатканын айтат. «Бул жерде жаш балдарга эмдөө жана ошондой эле биринчи жардамды да көрсөтөбүз», — деп айтты ал.
Айылдык ФАПта бир акушер, бир санитар, бир врач жана бир кароолчу иштейт.
ФАПта апараттар жетишсиз болгонуна байланыштуу көпчүлүк адамдарды райондогу ооруканаларга жиберээрин билдиришти.
Бакыт Касымов ФАПтын кароолчусу. Айтымына караганда, имараттын ичи суук, плита менен жылытышат, анан да ФАПтагы алты бөлмөнүн үчү гана иштейт.
«Шарттары жок, бизде УЗИ сыяктуу апараттар да жетишсиз. Айыл өкмөт жардам бербейт. Бизге жаңы ФАП салып беришсе жакшы болмок», — деп айтты Касымов.
Айыл тургуну Өктөм Орунбаева ФАПтын ичине киргенден коркоорун айтты.
Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов ФАПтын эскирип, жараксыз абалга келгени тууралуу билээрин айтты.
«Барып элдер менен маектешкенбиз. ФАП элдин күчү менен курулган, биз эч кандай жардам берген эмеспиз. Шарттары жок болсо да элге кызмат кылып жаткан докторлорго чоң рахмат. Элдер менен маектешип, негизи каражат бөлүнсө эле жаңы фап куруларын айтканбыз», — деп билдирди айыл өкмөт башчысы Турдукулов.
«Жакында эле керектүү нерселерин алып барып бергенбиз. Дагы барып жыйын өткөзүп келсек деп жатабыз. Чечишип каражат бөлгөнгө аракет кылабыз», — деп кошумчалады Турдукулов.
Автору: Алина Ысманбекова
Сынак үчүн