Нарын районуна караштуу Учкун айылында торт, коржик, кекс, булочкаларды айыл тургуну эч кандай жабдуусуз өз колу менен жасоодо.
Буларды жасашына эжеси түрткү болуп, жасаганды үйрөтүп, багыт берген. Барганыбызда эже торт кооздоп жатыптыр, биз да жардамдашып эжеден интервью алдык.
«Мен сүттү айыл элдеринен алам, каймакты сүттөн тартып алам. Жумуртканы да сатып алам. Бул жерден таза кошулмасы жок азыктар менен жасалат. Кекстердин эки түрү бар: бирөө чоң, бирөө кичине. Аларды мейиз жана башкалар менен жасайм. Адамдар кандай талап кылса ошондой жасалат», — деди Каныкей Дөөлөтакун кызы.
Биринчи торттун камырын жууруп, таза бал, сүт, май, кумшекер, жумуртка жана кооздолушуна ар кандай шокаладдар керек болот.
Бардыгынын сырттарын Бишкекетен алып келишет.
«Эгерде жардам болсо печенье, ар кандай башкача тортторду рулеттерди жасаганга дагы мүмкүнчүлүк болмок. Бизге каражат жетишпегендиктен өзүбүздүн алыбыз жетишинче даярдап жатабыз», — дейт ал.
Жасаган таттууларды азырынча айылдын эли эле алып жатат. Заказ көп болсо көбүрөөк жасайт. Бирок мөөнөтү өтүп кетпес үчүн азыраак жазайт.
«Келечектеги пландарым өзүнчө цех ачтырып, бүт шарттарын түздүрүп, бардыгы тең өз өзүңдөн болсо жакшы да кыйналбай өзүнчө иштеп акча таба бересиң», — деп сөзүн аяктады.
Торттун баасы 250 сом.
Коржик салмагына жана көлөмүнө жараша сатылат, 1 коржик 6-7 сомдон.
Булочканын 10 даанасы 31 сомдон
Кекстин килограммы 120-130 сомдон.
Даярдагандар: Бегимай Бекмурат кызы, Жанара Баялиева
Сынак үчүн