Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебинде 8-мартка карата кыздардын «Перизат» сынагы болуп өттү.
Сынак 7-март күнү болуп, анда 8-11-клаасттын окуучуларынан жалпы тогуз кыз таймашты. Сынактын программасы: саламдашуу, көркөм окуу, улуттук тамак аштар жана башкалар болду.
Сынактын уюштуруучусу Айбашев орто мектебинин организатор завучу Бурул Арыкова таймаштан эки кыздын баллы бирдей болуп экөөнө тең биринчи орун берилгенин билдирди.
«Перизаттын» жеңүүчүсү Мээрим Зулпуева сынакка бир апта даярданганын айтат.
«Бул конкурска мен биринчи жолу катышып жатам. Мен эле эмес, менин атаандаштарым да жакшы даярданыптыр. Бирок убакыт аз болуп калды», — дейт 10-а классынын окуучусу Мээрим.
Биринчи орунду алган дагы бир жеңүүчү Аккыз Ганыева сынакта баатыр аялдардын образын аткарып бергенин айтып өттү.
«Бардык өнөрлөрүбүздү мугалимдер өздөрү баалашып көрүштү. Ушундай конкурстар дагы болуп турсун», — дейт Аккыз.
Даярдаган: Кызжибек Кушбакова
Сынак үчүн