«Манас» ордени, «Даңк» медалы менен сыйланган театр жана кино артисти Сатыбалды Далбаевдин ысымы Ооган-Талаа айылындагы мектепке ыйгарылган. Мектепке жылда Сатыбалды Далбаев өзү жакшы окуган окуучуларга стипендия берип, демине дем кошчу. …
Ооган-Талаа айылындагы Аталар чайханасын төрт жылга ижарага алган жеке ишкер Айгүл Джаратова көп жылдан бери кароосуз калган имараттын дубалдарын сүрөттөр менен кооздоп, балдар үчүн окуу борбор ачты.
Жалал-Абад облусунун, Базар-Коргон районуна караштуу Чарбак айылында таза суу алып келүү иштери жүрүп жатат.
Базар-Коргон районундагы Могол айылдык ооруканасына кычкылтек концентраторун алып келишти.
Ооган-Талаа айылы чоң токойлордун арасында жайгашкан. Жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары айылдын кооз жерлерин сүрөткө тартып келишкен.
Базар-Коргон районуна караштуу Коктонду айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) абалы начар. Айыл тургундары мекеменин ичине кирип дарылануу коркунучтуу экенин билдиришти.
№17- Сатыбалды Далбаев мектебинин башталгыч класстары 8-март энелердин майрамына карата концерт өткөзүштү. Концертке окучулардын ата-энелери да келип катышып кетишти.
Ооган-Талаа айылындагы №17- С.Далбаев мектебинин 7-8-класстар арасында 5-март ак калпак күнүнө карата ыр кесе болуп өттү. Окучулар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.
№17 мектептин окучулары көптөн бери күткөн жаздын келгенине байланышту тазалык күнүн өткөрүштү. Окучулар тазалык күнүндө мектепти жана айланасын тазалашты.
Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев мектебинин спорт аянтчасы оңдолду. Аянтты оңдоого окучулар да жардам беришти.