«Манас» ордени, «Даңк» медалы менен сыйланган театр жана кино артисти Сатыбалды Далбаевдин ысымы Ооган-Талаа айылындагы мектепке ыйгарылган. Мектепке жылда Сатыбалды Далбаев өзү жакшы окуган окуучуларга стипендия берип, демине дем кошчу. Залкар инсандын жолун улай мектепке акыркы коңгуроо күнү Далбаевдин үй- бүлөсү келди.
Жакшы окуган окуучуларга стипендия менен бирге мектептин керектөөлөрүнө 100 миң сом акчалай жардам беришти.
Тимурлан Мелисбеков