Ооган-Талаа айылындагы Аталар чайханасын төрт жылга ижарага алган жеке ишкер Айгүл Джаратова көп жылдан бери кароосуз калган имараттын дубалдарын сүрөттөр менен кооздоп, балдар үчүн окуу борбор ачты.
Окуу борбордо чет тилдер, сүрөт тартуу жана башка кызыктуу сабактар өтүлөт. Биринчи ачылганда борбордо «Бизге тынчтык керек» аттуу сүрөт олимпиадасы өттү.
Олимпиададан мыктылар тандалып, сыйлоо баракчалары менен сыйланды.
Айгүл Джаратванын айтымында борборго алты ыктыярчы окуучулар келип, дубалга ар түрдүү түстүү сүрөттөрдү тартышкан. Мурда бул имарат кароосуз калып, эч ким келбей жатса, азыр болсо атайын дубалдагы сүрөттөрдүн жанында сүрөткө түшүү үчүн келишет деди.
«Аталар чайханасы» бул мурда аксакалдар топтолуп чай ичишкен имарат.
Борбордун сүрөт тартылгандан кийинки көрүнүшүн көрүңүз:
Гүлназ Камбарали кызы, Сабина Кылычбекова