Сатыбалды Далбаев тирүү болгондо 15-декабрда 86 жашка толмок. Далбаев ааламдан өтүп кетсе да, эли, окуучулары дайыма жасаган эмгегин эстеп эскеришет.
Сатыбалды Далбаевдин өрнөктүү өмүр жолунан…
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Токтогул Сатылганов атындагы мамлекттик сыйлыгынын лауреаты, кыргыз театрынын бирден бир корифейи. Өзүңүздөргө маалым болгондой С.Далбаев кыргыз улуттук театрынын, маданитынын жана элинин даңктуу инсандарынын бири болгон. Анын чыгармачылык аброю тек гана Кыргызстанда эмес, чет элдик боордош мамлекеттерибизде да белгилүү экендиги айкын.
С.Далбаев 1934-жылы Жалал-Абад облусунун Базар- Коргон районуна караштуу Ооган- Талаа айлында жарык дүйнөгө келген. 1952- жылы Жалал-Абад шаарындагы Мектеп-интернатты бүтүрүп , ошол эле жылы Москва шаарындагы мамлекеттик театр өнөр инстутуна (ГИТИС)өтөт. Студенттик мезгилден тартып эле, Далбаев чыгыармачылык дараметинин күчтү экенин айгинелеп, курсташтарынын ичинен дароо алдыңкы катарга суурулуп чыгып, ГИТИСте окуган кыргыз студиясы койгон дипломдук спектаклдерде башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп келген.
1957- жылы ГИТИСти артыкчылык диплому менен бүтүрүп, Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарындагы, азыркы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драм театрына артист болуп кабыл алынган. Ошол кезден дээрлик 60 жылга чукул мезгилдин ичинде ушул театрда талбай эмгектенип келген.
Театрда эмгектенип жарым кылымдан ашуун мезгилдин ичинде Сатыбалды Далбаев дүйнөлүк, орус жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган 100дөн ашуун спектаклдерде башкы жана борбордук ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө аттын кашкасындай таанылган.
Далбаевдин аткарган ролдору жөнүндө…
Нукура реалист жана интеллектуал актер катары Далбаевдин ысымы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алгачкы карлыгачтары Бакен Кыдыкеева, М.Рыскулов, Д.Күйүкова, А.Көбөгөнов, катарында турат. Сатыбалды Далбаевдин чыгармачылыгына саресеп салганыбызда репертуарында У.Шекспир, А.Н.Островский, Н.Хикметтен тартып Ч.Айтматов, А.Абдумомуновго чейинки дүйнөлүк адабияттын, театрдын алптары менен кыргыздын чыгаан калемгеринин чыгармаларында жаралган образдардын галереясын көрөбүз.
Айрыкча Сатыбалды Далбаевге, чыгармачылык жолунда Н.Погодиндик, К.Паустовскийдин, И.Поповдун, К.Маликовдун чыгармалары боюнча коюлган совет мамлекеттинин негиздөөчүсү В.И.Лениндин образын жаратуу бактысы туш келип, аны дээрлик 20жыл бою театрдын сахнасында тынымсыз ойногон.
Бул образдын тышкары да ал Чыгыш эли гана эмес бүтүндөй дүйнөгө таанымал, орто кылымдын чыгаан акындарынын бири Омар Хаямдын, Кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмери Т.Усубалиевдин, элибиздин улуу жазучуусу Ч.Айтматовдун образдарын да ийгиликтүү жараткан.
Наамдары залкар артист Сатыбалдынын чеберчилигин даңазалайт…
Кыргыз элинин көркөм маданияты менен театрына сиңирген эмгеги жогору бааланып, Далбаев 1970-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекттик сыйлыгына арзыган. Эгемендүүлүккө жетишкен элибиз да сыймыктуу артисттин эмгегин татыктуу баалады: жалпы мамлекеттик масштабда ага үчүнчү даражадагы «Манас» ордени,»Даңк» медалы берилген. Ошону менен бирге Сатыбалды Далбаев «Руханият» жана Ч.Айтматов, М.Рыскулов эл аралык сыйлыктарынын да ээси. Ошону менен бирге түрк тилинде элдердин жогорку медалы менен сыйланган.
Жашоодо жана ролдордо дайыма бирге жүргөн Мираида…
Артисттик өмүр театр менен өтмө катар өтүшүп, көп жылдар бою кыргыз элине эстетикалык рахат тартуулап, сахнанын ханышасы болуп келген Мираида Далбаева быйыл 80 жашка толуп , кадырлуу эс алууда. Улуулардын батасы тийдиби же түйшүктүү эмгектин үзүрүбү, айтор актриса өзү айткандай каалаган ролун ойноду, каалаган кийимин кийди. Ушул театрда бармактайынан баш кошкон жубайы Сатыбалды Далбаев экөө элдин сый-урматын ээ болуп, агарып-үч баланын ата-энеси болушту.
Мираида Далбаев Кыргыз Академиялык драма театрында үзүрлүү эмгектенип, далай каармандардын жан-дүйнөсүн, жансыры, жан сезимин көрөмандардын жүрөгүнө жеткирген. 60-жылдарда залкар жазуучу Ч.Айтматовдун каармандарына кабылды. Мираиданын аткаруусундагы «Жамийлада» Жамийланын,»Саманчынын жолунда » Алимандын тагдырларын, жана ошондой эле «Бетме-Бет», «Танабай Бакасов» спектаклдерин чоң чеберчиликти талап кылган образдарын апогейине жеткире аткарып , көрүүчүлөрдүн көңүлүндө калды.
Өткөн балалыгына кайрылсак, медициналык окуу жайда окуп жаткан 17 жашар келбетүү кыз Мираидадан кинорежиссер А.Кобызев кадимки кыргыз кызына мүнөздүү белгилерди көргөн. Андан соң, «Менин жаңылыштыгым»-деген толук метраждуу көркөм филиминде башкы карман Гүлжандын ролун ойногон. Мираида Далбаеванын мүнөзүндөгү ачыктык, шаңдуулук шамдагайлык, сергектик, акылман сапаттар табият тартуулаган келбетине шайкеш келип, театр өнөрү талап кылган лиркалык каармандардын образын жараткан.
Б.Өмүраливдин «Жаңырык» спектаклиндеги башкы карман Аралбаеванын образын ачууда -Мираида да жалтанбас, уюштургуч жетекчи аяалдын чечкиндүү, күжүрмөн мүнөзүн устаттык менен сахнага алып чыккан. Анткени, ошондой мүнөз актрисанын өзүндө да бар эле.
Залкар талант Сатыбалды Далбаевге Базар-Коргон районунун ардактуу атуулу наамы 2014-жылы берилген. Сатыбалды Далбаев кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынан тарта дүйнөлүк адабияттын беделдүү чыгармаларындагы башкы жана негизги ролдорду ойногон.
Алсак, Дже-Дзинь-Джи менен Динь-Нинин “Ак чач кыз” чыгармасындагы Лао-Сини, Касымалы Жантөшевдин “Каныбек” тарыхый романында Темирдин, Цао-Юйдун “Тайфун” пьесасында Чун-Эрдин ролун аткарган.
Айылына калтырган эстелиги…
Мектептин салынышына Сатыбалды Далбаевдин кошкон салымы өтө чоң. Айылдагы мектеп 1957-курулган, эски имарат болгон. Сатыбалды агайдын демилгеси менен, айылга жаңы 2 кабаттуу мектеп курулуп, 2001-жылы колдонууга берилип, агайдын эмгегин жогору баалашып, ушул эле жылы мектепке агайдын ысымы ыйгарылган.
Сатыбалды Далбаев өзү туулуп өскөн айылына чоң белек катары өзү окуган мектепти жанылап, 1957-жылы курулуп, эскилиги жеткен мектептин ордуна жаңы мектеп салууга көмөктөшүп, «Мектеп бүткөнчө какпаган эшигим, чалбаган чиновнигим калган эмес»- деп эскергенин айылдаштары айтып калышат. Ошентип, 2001-жылы 11-ноябрда эки кабаттуу жаңы мектептин ачылышы менен анын ысымы берилди.
Мектепке берген белеги…
Агай такай мектепке кам көрүп келди. Ар жыл сайын балдарды кубандырып компьютер, комуз, аккордеон, адабий китептерди, кыргыз кийимдерин алып келип турду.
20 жыл аралыгында ар 25-майда Сатыбалды Далбаев мектебине келип, өзүнүн белектерин берчү. Манастын томдору, Чынгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы, сөздүктөр, энциклопедия жыйнактарын, улуу сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрүн, улуттук кийимдерди, комуздарды алып келип, окуучуларды кубандырчу.
Сатыбалды Далбаев атындагы стипендияны алуу үчүн окуучулар жыл бою жакшы окууга аракеттенишээр эле. Далбаевдин колунан стипендия алуу, ар бир окуучу үчүн чоң сыймык болчу. Биринчи стипендия алган окуучулар азыр да эскеришет.
«Бизге Сатыбалды чоң атабыз дайыма келип, акыркы коңгуроодо куттуктап, стипендия берчи. Биз окуучулар оор кайгыруу менен аза күтүп жатабыз. Чон атабыздын жаркын элеси дайыма биздин жүрөгүбүздө»,-деди 7-классынын окуучусу Айдай Жапарова.
Сатыбалды Далбаев 2019-жылдын 29-апрелинде 84 жаш курагында аалам менен коштошту. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Сатыбалды Далбаевдин жаркын элеси дайыма биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт.
Даңазалуу актер көзү тирүү болгондо 86 жашта болмок.
Ширин Маратбекова