Бүгүн, 10-июнда Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөн күнүнө карата “Айтматов ааламы” аттуу эскерүү иш-чарасы өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, вебинар залкар жазуучунун дүйнөдөн өткөн күнүнө карата өткөрүлүп жатат.
Программага белгилүү адабиятчы, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Осмонакун Ибраимов, түркиялык адабиятчы, Туркиядагы Кастамону университетин профессору Кыргызстан Айтматов академиясынын мүчөсү Орхан Сөйлемез жана учурда Түркиянын Карабүк университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы Түрк Дүйнөсүн изилдөө борборунун жетекчиси доцент Жылдыз Исмаилова катышат. Иш-чараны белгилүү диктор Айнура Кабатай кызы алып барат. Вебинарды “Онлайн университет” платформасы өткөрөт. Каалоочулар бул дарек менен катыша алат:
ZOOM вебинардын идентификатору: 972 6981 3157
Пароль: 246403
Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан. ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча Ч. Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң тираж менен басылып жарыкка чыгып келет.
“Онлайн университет” учурда илим, билим жана маданият багытында Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргыз окумуштуулардын вебинарларын, онлайн маектерин ЖОЖ жана мектеп мугалимдерине, жалпы эле кыргыз коомчулугуна байма-бай уюштуруп келатат. Онлайн Университетинин курамын Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдорунун окутуучулары жана чет өлкөдө агартуучулук жаатында иштеп жаткан кыргыз окумуштуулары, адистери түзүшөт.
Тест: Айтматов тууралуу эмнелерди билесиз?
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Көк бөрү оюну уюштурулду
Айтматовдун 90 жылдыгы Нарын районунда мугалимдер конкурсу менен белгиленди
Касиет Кубанычбек кызы