Ат-Башы районунун айыл өкмөт башчылары, райондук аградык өнүктүрүү бөлүмү жана фермерлер Чүй облусуна иш сапар менен барып келишти. Алар жергиликтүү ЖЧК «Дан агро продукты» заводуна барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти.
Бул иш чара Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаровдун демилгеси менен ишке ашып, сапарда күнүнө 30 тонна дан азыктарын иштетип чыгарган ишкананын фермерлеринен дан өсүмдүктөрүн экспорттоо, мал жандыктарга калориялуу тоют даярдоо ыкмасы менен таанышып келишти.
Алдыда бул иш сапарга барып, тоют даярдоо ыкмасын көрүп келген айыл өкмөт башчылары элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Ал эми фермерлер жергиликтүү калк мал багууда басымдуулук кылгындыктан, тоют чөпкө гана басым жасабай, дан азыктарынан баасы арзан боло турган, бирок калориялуу тоют даярдоо боюнча база түзүп, аталган ишкананын филиалдарын ачуу аракетин көрүшөт.
Дан өсүмдүктөрүнөн жасмыктан (чечевица) жана буурчактан (фасоль) даярдалган тоютка королгон чыгымдар, мурун тоют катары малга берилип келген арпадан арзан жана калориясы 3 эсе жогору болот.
Эске салсак, быйыл жазында Ат-Башыда биринчи жолу жасмык айдалган.
Ат-Башыдагы муктаж үй-бүлөлөргө кайтарымсыз үрөндөр таратылат.
Асел Уркунбаева