Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебине жаңы парталар келди. Бул долбоор Япон элчилиги аркылуу ишке ашкан.
Бул иш чара боюнча аталган мектептин директору Руслан Абдылдаев төмөнкүлөрдү билдирди:
12 класска парта, стулдар жаңыртылды
«Япон элчилиги аркылуу келген бул эмеректердин жалпы суммасы 13398 долларды түздү. Анын ичинде 12 класс комплекти болгон парта стулдар, шкафтар жана доскалар бар, андан тышкары конференцзалга 6 стол жана 30 стулдар, директордун кабинетине шкаф стол, стулдар алынып келди.»
Директордун кабинетиндеги эмеректер да жаңыланды
Парталардан тышкары, шкафтар да коюлду
Асел Уркунбаева