Бүткүл дүйнөлүк пандемияга байланыштуу окуучуларга мектепти аралыктан аяктаганга туура келди. Мектепти онлайн бүтүрүү окуучуларга кандай таасирин тийгизгенин бүтүрүүчүлөрдөн билдик.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айгерим Асыгалиева өз ою менен бөлүштү.»Биз быйыл окууну өзгөчө аяктап жатабыз. Канчалык биз үчүн оор болсо дагы, мен түшүнүү менен кабыл алганга аракет кылдым. Бул нерсеге муңайбай, жакшы нерселер менен алектенип жаттым. Окууга көбүрөөк убакыт болуп жатты. Экзамендин дагы болбой калганы, Жалпы Республикалык Тестке даярданганга көбүүрөөк убакытты пайда кылды. Өкүнүчтүүсү, мектеп менен коштошуу ойдогудай болбой калды. Ошентсе да, алдыга койгон пландар көп жана аларды ишке ашырганга болгон аракетимди жумшайм.»
«Мен Ой-Терскен орто мектебинин 11 б-классынын бүтүрүүчүлөрүнүн класс жетекчиси болом. Чындыгында окуучулар үчүн түзүлгөн кырдаал абдан оор болду. Себеби, алдыдагы ЖРТга даярдык көрүлүшү керек эле. Бирок ошентсе дагы, окуучулар жоопкерчиликти сезишип, онлайн окутууга активдүү катышып жатышты. ЖРТга аралыктан болсо дагы жакшылап даярдаганга аракет кылдык. Буюрса алган билимдерин актап, жакшы көрсөткүчтөргө жетишет деп ишенем жана ар бирине ак жол каалайм.
Ой-Терскен орто мектебинин бүтүрүүчүсү, Алтын тамганын ээси Таазима Марат кызы: «Мен үчүн онлайн окутуу абдан оор болду. Мектепте эже-агайлар өздөрү түшүндүрүп бергенге жетпейт экен. Үйдөн даярданганда жарымын түшүнсөм, калганын түшүнбөй калам. Дайыма суроолор пайда болот. Бирок мугалимдер биз менен тыгыз байланышта болуп жатышты. Кырдаалга карабастан Алтын Тамганын ээси болдум. Эми ЖРТнын жыйынтыгын күтүп жатам. Мен быйылкыдай окууну бүтүрүүнү эч кимге каалабайм. Эртерээк жашообуз өз нугуна түшсө экен деп тиленип жатам. Себеби, биз эми окууга тапшырышыбыз керек болот, эгерде жогорку окуу жайды аралыктан окуп баштасак абдан кыйналып алабыз деп ойлойм.
Асел Уркунбаева, Айдай Тургунбекова