№17- Сатыбалды Далбаев мектебинин башталгыч класстары 8-март энелердин майрамына карата концерт өткөзүштү. Концертке окучулардын ата-энелери да келип катышып кетишти.
Окуучулар сахнага чыгууга даярданып жаткан мезгил.

2-а классынын окучулары концертти баштап, эне жөнүндө ырларды ырдашты.

Кичинекей бөбөктөр кара жорго бийин бийлешти.

Ырлары менен жалпы аял затын куттуктап өтүштү.

2-в орус классы болгонуна байланыштуу алар орус бийин бийлеп беришти.

Жагымдуу маанай тартуулап кыргыз бийин бийлеп жатышат.

Өздөрүнүн жылмайуусу менен башка адамдарды жылмайткан кыздар. Көрүүгө келген ата-энелер да, мугалим эжелер да куттукташканына рахмат айтып кетишти.
Автору: Заир Таирбек уулу
Сынак үчүн