Лейлек районунун Сумбула айыл округунун Манас орто мектебинде бүгүн бүткүл аялзатын куттуктап концерттик кутуктоо програмасы болуп өттү. Бул майрамдык кечеге мектеп окуучулары жана мектеп жамааты катышышты.
8-март бүткүл дүйнөлүк аялзат күнү. Бул майрамда биз алтындай болгон энелерибизди эже-карындаштарыбызды куттуктап, алардын көңүлүн алып кубантуучу күн. Бул күндү Клара Сеткиндин 1911-жылкы иш аракеттеринин негизинде түптөлүп калган, ошондон бери уланып өтүп келе жатат.
Ушул майрам бүгүн 12-март Манас орто мектебинде да болуп жатат. Окуучу балдар жана агай мугалимдер бүткүл мектеп аялзатына концерттик программада майрам көрсөтүшүп, куттуктоолор да болуп майрамдалууда.
Мектептин тарбия иштери боюнча диектордун орун басары Асия Сулайманова да бул иш-чарада чыгып сөз сүйлөп, айымдардын майрамын куттуктап өттү.
Манас мектебинин 9-классынын окуучусу Бухалай Аманидин кызы:
«Мен эжейлерди мектеп кыздарын жана да өз апамды бүткүл дүнөлүк 8-март майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кааларым чын ден-соолук. Ден-соолук болсо баары болот. Анан да калган баардык ийгиликтерге жетишүүсүн, алдынан эч кандай тоскоолдук чыкпастыгын каалайм. Ар дайым кыздарыбыз жаш бойдон жүрө беришсин», — деп өз куттуктосун билдирди.
Даярдаган: Амантур Ганыев
Сынак үчүн