Бүгүн Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун окуучулар арасында волейбол мелдеши болуп өттү. Анда жалпы он команда таймашты.
Бул мелдеш боюнча номер 368-спартакиядалык оюндун башкы калысы жана уюштуруу тобунун мүчөсү Чынгыз оюндун калыс өтүшүн белгилеп өттү.

«Бүгүн биз үчүн эле эмес жалпы эле окуучу спортчулар үчүн, жада калса ушул жерде колдоп келген күйөрман үчүн эң бир негизги күн. Бул жерде азыр мен жана менин жанымдагы кесиптешим экөөбүз эркек балдар үчүн калыс болобуз, ал эми кыздарга башка калыстар чечилген. Жалпысынан 10 команда келди. Оюн бүгүн калыс өтөт, мыктысы жеңет», — деди ал.
Оюн башталаары менен бул жерде коопсуздукту көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлерине кайрылдык.

«Бүгүн ушул оюнда төрт милиция кызматкери көзөмөлдөйбүз. Эч кандай тартип бузуулар же болбосо окуучулар арасында коркутуулар болбош керек, баарын биз көзөмөлдөйбүз», — деп билдирди ал. Ушул эле эскертүү окуучуларга да оюн алдында айтылды.
«Сумбула FM» мультимедиа борборунун кабарчысы оюндун аягына чейин ошол жерде туруп байкоо жүргүзүп, текшерип көрдүк. Тартип бузуулар болбой койгон жок. Күйөрмандар жана командалар 2-3 жолу калыс менен талашып, бир нече жолу сөгүшүп жатышты.
Команда оюнчусу Гайназаров Нуржанбек мындай дейт.

«Азыркы убакта оюн башталды. Бирок бул жерде дагы бир эскертүүнүн жобосу менен мен оюнга кирбей калдым. Эмнеге дегенде бул жерде мектеп окуучусу болсо да 1997-жылы туулган балдар кирүүгө тыюу салды. Ошондуктан мен эрежени бузбастан оюнга кирбеймин», — деп жооп берди ал.
Финалга 4 команда өтүп, анын ичинен 3 команда байгелүү орундарга ээ болду. Эми бул жерде ойноп уткан команда Баткен облустук турга барып ойношот.
Даярдаган: Амантур Ганыев
Сынак үчүн