Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде 5-март ак калпак күнү белгиленди. Бул күндө мектеп окуучуларынын мырзалары ак калпак кийишип ак калпак күнүн өткөрүштү.
Жылына ак калпак күнүндө мектеп окуучулары калпак кийип келсе, сүрөткө жалпы түшүрүшөөрүн айтат мектеп директору Алик Мамытов
«Кыргыздын нукура майрамы ак калпак күнү. Бул күнү биздин мектепте баардыгы жакшы маанай менен ак калпак кийп келишет. Биз бул окуучуларды кыргыздын намыскөй жигиттери деп эсептейбиз. Бул күнгө карата ар бир класстарда тарбиялык саатар өтүлөт, булардын пайдасы окуучуларды патриотуулукка үйрөтүү», — дейт Мамытов.
Жалпы кыргыз эли бул күнү калпак кийишип, мамлекеттик иш чаралар өтүлөт, биз да бул күндө мектептен чогулуп майрамды белгиледик дейт мектеп окуучусу Бакберген.
«Биз ак калпак күнүн жакшы өткөдүк. Бул күнү баардык калпак кийгендерди чогултуп сүрөткө түшүрүштү. Бул майрам мага абдан жакты», — деген оюн билдирет Бакберген Албанбай уулу.
«Бизге бул күнү балдардын ак калпак кийип жүргөнү абдан жакты, баардыгы калпак кийип жүрүшсө көзүбүзгө жакшы көрүнүп суктанып жаттык», — мектеп окуучусу Жазгүл.
Даярдаган: Алина Амантурова, Айдана Алтынбек кызы, Айдай Амантурова
Сынак үчүн