2-мартта болуп өткөн «Аялуу жан сыры айтылат, бир гана эне тилинде» аттуу райондук олимпиадада Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин окуучулары ийгиликтерди багынтышты. Бул тууралуу аталган орто мектептин кыргыз тили жана адабият мугалими Чынара Байгазиева мындай деди:
«Олимпиадага 3 окуучуну даярдаганбыз, жыйынтыгында жакшы ийгиликтерге жетиштик.9-классынын окуучусу Самар кызы Зыйнат долбоор жактоо боюнча 3-орунга, 11-классынын окуучусу Азимжанова Сезим эссе жазуу менен 2-орунга, ал эми 9-классынын окуучусу Кабылбеков Сактан фольклордук чыгарма,дастан айтуу,көркөм окуу менен 1 орунга ээ болушту.»
Ал эми олимпиаданын жеңүүчүсү Сактан Кабылбеков:
«Сынактын катышуучулары күчтүү болду.25 окуучунун ичинен1-орунгша ээ болуп облуска жолдомо алдым..Жеңип чыгууга болгон аракетимди жумшадым,алдыда көптөгөн ийгиликтерди багынтсам деген ойлорум бар.»,- дейт.
Азыркы учурда облустук олимпиадага кызуу даярдыктар жүрүп жатат.
Даярдаган: Назима Чынгызова