Нурия Исакова Талас шаарынын тургуну. Ал учурда аталган шаардагы кызыккан адамдарга жүндөн ар түрдүү буюмдарды жасоону үйрөтүп келет. Кол өнөрчү жүндөн тышкары керме сайма сайып, кийимдин түрлөрүн токуйт. Билген өнөрүмдү бизнеске айлантуу жолун таптым деген каарманыбыз биз менен ой бөлүштү.
— Саламатсызбы, кол өнөрчүлүк багыттагы ишкерлигиңизди кантип башталды?
— Көп жылдан бери колго кийим токуп, керме сайма саям. Ошондой эле жүндөн ар түрдүү кийимдерди жасайм. Ушул жылдын май айында “Айылдык Табышкер” аталышындагы окутууга катыштым. Анда өз эмгегимди кантип бизнеске айлантууга болот деген суроолорго жооп алдым. СММ багытында окудум. Сабактар онлайн болуп жатты. Жалпысынан 80 адам катышсак, анын 50% тандалып жыйынтыктоочу форумга чакырылган. Алардын ичинен мен чоң жеңишке ээ болдум. Тактап айтканда, “Айылдык Табышкер” долбоорунун мыкты бүтүрүүчүсү катары аныкталып, СММди акысыз окууга сертификат утуп алдым. Бул иш-чарадан кийин үй-бүлөбүз менен чоң нерсени баштайлы деп даярдык көрүп жатабыз.
— Бизнес багытында билим алып, жакшы жыйынтыкка жеткен экенсиз. Кандай иш баштоого бел байлап турасыз?
— Үйдө кийүүчү бут кийимдерди жасаган цех ачалы деп жатабыз. Баштоо үчүн көп нерсе керек экен. Азыр ошол керектүү нерселердин жарымын дайындап калдык. Азыр бир жумушчу менен иштеп жатам. Ошондой эле бир жылдан бери эле өз билимимди башкаларга дагы бөлүшсөм деп ойлоп жүргөм. Ал үчүн мага жок дегенде бир бөлмө керек эле. Имарат алайын десем ижарасы, ремонту ж.б чыгымдары көп экен. Ишкерлердин форумунда бизге жакшы билим беришти. Ошол учурда мага “көчмөн мектеп” түзүү идеясы келди.
— Бул мектептин өзгөчөлүгү эмне?
— Кадимки шарттагы офис болсо деле көпчүлүк ар түрдүү себептер менен окууга келе албай калат экен. Менден билим алууга кызыккандардын көбү бала багып, үйдө отурган айымдар же башка айылда жашагандар. Ошондуктан, мен мектептин жаңы форматын ачып, чогулган топко барып кол өнөрчүлүгүмдү үйрөтүп жатам. Азыр бул багытта иштеп жатканыма 3 эле күн болду. 17 келинге жүн менен иштөөнү үйрөттүм. Алар бут кийим, баш кийим ж.б жасоону үйрөнүп алышты. Бул мектептин артыкчылыгы жайында жашыл чөптүн үстүнө ала кийиз салып, төшөк салып коюп деле кол өнөрчүлүктү үйрөтүүгө болот. Айылда, алыс жерде үйрөнөм дегендер көп. Мен кызыккандарга өзүм барып, үйрөтөм. 3-4 саатта эле бир кийим токуганды, жүн менен иштөөнү үйрөтүп коем.
— Мектепти ачуудагы максатыңыз эмне?
— Мен жогоруда цех ачуу максатым менен бөлүшпөдүмбү. Буюрса ал максатыма жетүүгө аз калды. Ошол үчүн азыр кол өнөрчүлүккө кызыккан адамдарды окутуп, арасынан өзүм менен иштешчү командамды чогултуу максатын коюп жатам. Тигүүчү, бычмачылыкка кызыккандардын башын бириктирип жатам. Аларга дагы үйрөнгөн билими каражат алып келиши керек.
— Бүгүнкү күндө бизнести социалдык медиадагы баракчаларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Инстаграм аркылуу кайрылган кардарларыңыз көппү?
— Мен жогоруда айтып өткөн окууда дагы СММ боюнча билим алдым. Негизи мурда эле инстаграмда аккаунтум бар болчу. Балдарым ачып берген. Азыр алар мага Youtube аркылуу жасаган бюумдарыңызды элге көрсөтүңүз, үйрөтүңүз деп жатышат. Сапаттуу контент, аудиторияны тарта турган пост жазып, катталуучулар көп болсо, сөзсүз бизнестин алдыга жылуусуна таасирин тийгизет. Колго токуган кийимдерим жыйырмадан ашык болчу. Ошолорду инстаграм аркылуу сатып жатам. Андан тышкары, буюртмалар келип калат. Жакында эле чет өлкөдөн 7 бут кийимге буюртма беришти.
Касиет Кубанычбек кызы
Калысбек: “Кол өнөрчүлүктү жүрөгүм каалап тандап алгам…”
Сүрөтбаян: Кол өнөрчүлүккө кызыккан окуучулар күн сайын көбөйүүдө