Билим берүү жана илим министрлиги “Атам, апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең” аталышындагы үй-бүлөлүк китеп окуу саамалыгын жарыялады. Социалдык тармакта тез эле колдоого алынган иш-чарага Кыргызстандын ар аймагында жашаган ата-энелер балдары менен бирге катышууда. Алардын кээ бири менен маектешип, үй-бүлөдө бирге китеп окуунун бир катар өзгөчөлүктөрүн баамдадык. Саамалыкка сизди да чакырабыз.