Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары география сабагынан көргөзмө куралдарды жасашты. Аларды жасоо үчүн окуучуларга бир жумадан ашык убакыт жумшалган.
Аталган мектепте «Дүйнө тааным» усулдук бирикмесинин 1 айлыгы жарыяланган. Бул убакыт учурунда тарых, биология, химия жана география предметинин мугалимдери ачык сабактарды жана ар кандай дүйнө таанууга таасир берүүчү чакан линейкаларды өткөрүштү.
Окуучулар үчүн география мугалими Майрам Токсобаева көрсөтмө курал жасоо боюнча конкурс уюштурган. Конкурска 6 класстан 11 класска чейинки окуучулар катышты. Ар бир класс өтүлүп жаткан темасына жараша 1 ден көрсөтмө куралдарды алып чыгышып, окуучуларга жактап беришти.
Уюштурган мугалими Майрам Токсобаева төмөндөгүлөргө токтолду:
«Бул идея көптөн бери бар эле. Анан ушул жылы мектеп окуучулардын жардамы менен ишке ашып жатат. Баарынан да окуучулар өз колдору менен жасагандыктан бириникинен бириники мыкты деңгээлде жасалган экен. Атайын липучкалар менен чапталып алынганы сабакты бышыктоо үчүн жакшы жасалга болду деп эсептейм. Мектеп окуучуларына ыраазычылык билдирем».
Андан тышкары, ачык линейка учурунда окуучулар химиялык реакцияларды көрсөтүштү.