Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары Керимбекова Каным, Шерипбеков Акбар, Шерипбекова Жанбике жана А.Абдраимов атындагы мектептин 8-классынын окуучусу Руслан уулу Актан учурда Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы Техникалык инновациялар мектеп-лицейинде Шенмо “Ала-Тоо” уюштурган “Күзгү лидерлер мектебине” катышууда.
Нанкин университетинин профессору, эл аралык тренер Нурмира Жамангулованын айтымында лидерлик мектепке Абакус Менталдык математика боюнча 5-6 деңгээлге жеткен балдар катышып, аларга “Манас” аркылуу өзүн таануу, сынчыл ой жүгүртүү, креативдүү сүрөт тартуу, лидерлик ой –жүгүртүү, социалдык кырдаалдарды анализдөө боюнча мастер-класстар өтүлүүдө. Ошондой эле, мындан тышкары Абакус жана менталдык математика боюнча тездикке үйрөтүү, спорт боюнча 5 км ге чуркоо сыяктуу аймаштар өткөрүлөт.
Учурда лидерлик мектебине катышып жаткан 15 окуучуга Шенмо Европа вице-президенти, эл аралык тренер, билимди жана илимди өнүктүрүү боюнча тренерлер Нурмира Жамангулова жана Шенмо Ала-Тоо директору Саматбек уулу Темирлан тренерлик кылууда.
Эске салсак, Керимбекова Каным, Шерипбеков Акбар жана Шерипбекова Жанбике Малайзияда өткөн менталдык математика боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышып, байгелүү орунга ээ болушкан.
Даярдаган: Гүлбарчын Мамытбекова