Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы окуучулар 26-апрель күнү Жогорку Кеңешке жана «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып келишти. Экскурсияны айылдык кеңештин депутаты Бакай Өмүралиев уюштурган.
Экскурсияга Абдылда Аралбаев орто мектебинин 8-класстан 11-класска чейинки жакшы окуган, активист окуучулары тандалып алынып, жалпысынан 20 окуучу жана 5 мугалим барышты.
Бишкек шаарына сапар алган окуучуларды курдаштары чакан концерттин коштоосунда узатышты. Алар жолдо ырдап, толкунданып жаткандарын айтып, аябагандай көңүлдүү барышты.

“Чындыгында көпчүлүк менен жолго чыксаң абдан кызыктуу болот экен. Шаарга барганда мындан көңүлдүү болот болуш керек. Мындай иш-чараларды жыл сайын өткөрүп турушун калайм”, — деди 9-классынын окуучусу Айжаркын Азатбекова.
26-апрелде бардык окуучулар жана мугалимдер саат 9да чогулушуп, Жогорку Кеңешке киришти.

Алардын жүздөрүнөн толкундоо, сүйүнүч байкалып турду.

Бардыгы тең сүрөткө түшүшүп, социалдык тармактарына бөлүшүп жатышты.

Жогорку Кеңештин бир топ жерлерин кыдырган соң, жыйын залына киришип, депуттардын талкуулап жаткан меселелерине күбө болушту.

“Чындыгында бул жерге киргенде бир башкача боло түштүм. Толкундандым. Бул экскурсия мага мындан да жакшы окуганга, келечекке карай умтулууга чоң дем-күч берди десем жаңылышпайм. Ушундай шарт түзүп берип жаткандыгы үчүн Бакай Өмүралиевге терең ыраазычылык билдирем”, — деп айтып өттү 10-классынын окуучусу Айтолкун Алмазбекова.

Саякатчылар Ак үйдүн китепканасына да киришип, китепканачы менен чакан маек курушту.

Андан соң партиялардын жыйындар залына киришип, ал жактан экскурсиянын уюштуруучусу окуучуларга диплом тапшырды.

Ушинтип Ак үйгө үч сааттай саякат кылган соң түштөнүшүп, «Ата-Бейитке» сапар тартышты.

Аба ырайы ысык болгондуктан, жолдон бир аз эс алып алышты.

Куран окулуп, курман болгондорду эскеришти.
Андан сон музейге киришип, баяндамачы аларга «Ата-Бейит» тууралуу айтып берди.

“Бул иш-чаранын максаты — жаштарга стимул берүү”, — дейт уюштуруучу. Мындан кийин да жыл сайын ушундай экскурсия уюштуруу планында бар экендигин кошумчалап өттү Бакай Өмүралиев.
Бакай Өмүралиев 1987-жылы Куланак айылында туулган. Бадырак чыгаруучу
“Макыйдан” ишканасынын жетекчиси. Учурда айылдык кеңешинин депутаты.
Автор: Рыскелди кызы Самара