![20141115_113413[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2014/11/20141115_1134131-300x225.jpg)
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары үчүн кыргыз режиссерлорунун “Мээлей”, “Кемпир”, “Дөңгөлөк” аттуу кыска метраждуу кинофильмдери акысыз көрсөтүлдү. Ак-Талаа райондук кинодирекциянын директору Абдиев Ринат: “Бул кинолор 17-ноябрь кино күнүнө карата көрсөтүлүүдө жана райондун борборуна жакын айылдардагы орто мектептин окуучуларына да коюп берүү пландаштырылууда. Албетте тарбиялык мааниси бар мындай тасмалардан мектеп окуучулары ата-энени, үй-бүлөнү сыйлоону үйрөнсө деген ниеттебиз” дейт.
Даярдаган: Нагима Билимбекова