Нуркул Кулназаров атындагы китепкананын балдар бөлүмү тарабынан “С. Каралаев XX кылымдын Гомери” аттуу китеп окурмандарынын конференциясы өттү. Аталган иш чарада улуу манасчынын сүрөттөрү коюлуп, катышуучуларга өмүр жолу тууралуу баяндама берилди. Китепкананын балдар бөлүмүнүн башчысы З. Молдокулова “Иш чара улуу манасчынын 120 жылдыгына карата өтүлүп, алардын чыгармачылыгын даңазалоо, окуучуларга кеңири маалымат берүү максатын көздөйт. Окуучуларды катыштырууга аракет кылдык, анткени кийинки муун залкар адамдарды билбей баратышат” дейт.
Даярдаган: Касмалиева Айчолпон, Айылчиева Адина