XX кылымдын Гомери аталган биздин улуу манасчыбыз Саякбай Каралаевдын 120 жылдыгына карата Талас облусунун Бакай-Ата айылында ар кандай иш-чаралар уюштурулууда. 1935-жылдан тарта Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосунун жазуу иши башталып 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, «Семетей», Сейтек», «Манас» эпосунун жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн. Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, «Махабхаратадан» эки эсе чоң.
Азыркы учурда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун борбордук китепканасында көргөзмө ачылууда», — деди китепкананын усулчусу Бүркүтбаева Гүлзат.
Улууну жолдоп кичуу өсөт дегендей, жаш манасчы үчүнчү класстын окуучусу Улан уулу Сыймык манаска кызыгып сынактарга катышууда.
Сүрөттө Улан уулу Сыймык
Даярдаган: Орозалиева Айпери