Өлкөдө Ковид-19 илдетинин жаңы түрү деп белгиленген омикрон штаммы менен ооругандар катталууда. Омикрон штаммы боюнча Төлөк айылында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ага карата даярдыктар жүргүзүлүүдө.
Төлөк айылындагы № 10 үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Гүлбарчын Өмүрова менен маектешкенибизде, жаңы жылдан бери айылда сасык тумоо күч алып жатканын белгилеп, элдерге түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп жатышканын айтты:
Өмүрова Гүлбарчын үй-бүлөөлүк дарыгер тобунун мед.айымы
«Омикрон штаммы мамлекетибизде катталгандар бери, айыл тургундарына бул вирустун жугуу жолдору, белгилери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ага карата даярдыктар көрүлүүдө. Бизде медицина кызматкерлеринин атайын коргонуучу кийимдери, дары-дармектер запаста даяр, кийимдер баарыбызга толук жетет. Бул кийимдерибиз спонсорлор жана өкмөт тарабынан алынып берилген. Атайын дем алдыруучу аппаратыбыз бар. Булар атайын сакталуучу жерде сакталып турат. Бул оорунун жайылышы курчуп кетпеш үчүн элдерге санитардык абалды сактоону, элдер көп чогулган жерлерге барбоону, алыскы сапарларга чыкпоону сунуштап жатабыз. Аны менен катар вакцина алуу өзүбүздүн дагы, башкалардын дагы ден соолугуна кам көргөнүбүз деп айылдаштарга маалымат берип жатабыз.»
Запастагы коргонуучу кийимдер
«Ал эми омикрон штаммынын белгилери: баш оору, тамак оору, аны менен катар тамакты кычыштыруу, дене табынын көтөрүлүүсү, тердеп алсыроо, жөтөлүү. Бул вирус кадимки эле ОРВИге окшош өтөт экен, ошондуктан биз элдерге айтып жатабыз, ушундай белгилер болсо, өз алдыңарча үйдөн дарылана бербегиле, бизге келип медициналык кароодон өткүлө деп.»
Ар бир ФАПка кайрылган жаранды фильтрден өткөрүшөт
«Омикрон штаммы десе эле элдер дүрбөлөңгө түшпөшү керек, бул оору башкалардан жеңил өтөт деген окумуштуулардын изилдөөсү айтылып жатат. Бул вирус өпкөнү жабыркатпайт, буга чейинки вирустар өпкөнү жабыркатып, бир топ ооруларды козгоп, көп адамдарды алсыратып койгон. Бирок, жеңил өтөт деп сактанбай коюу да туура эмес, омикрон штаммынын өзгөчөлүгү анын бат тараганында. Мунун таралуу ылдамдыгы 4 эсеге жетет деп белгилешүүдө. Андыктан айылдаштарга кайрылат элем, дарыгерлердин ар бир айткан маалыматын угуп, эрежелерди сактап, өздөрүнө да, өзгөгө да жоопкерчиликтүү карашса.»
Айпери Марлес кызы