Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында жаңы мечит курулду. Ага 500 000 сомдон ашуун акча жумшалган.
Ооган-Талаа айылында курулган жаңы мечитти арабдар каржылаган. Анын ачылышы 14-октябрда болуп өттү.
Айыл тургуну Гулам Эгембердиев буларга токтолду:
— Мага жаңы мечит аябай жакты. Ичи жарык, кенен жасаланган. Килемдери болсо кымбат баалуу жумшак килемдерден. Правда, Чкалов, Көк Алмадан ак сакалдар мечитибизге келишип туз, нан тартышып ачылышка катышышты.
Даярдаган: Тимурлан Мелис уулу