15-октябрь күнү Кыргызстандын президентин шайлоо Тогуз-Торо районундагы №2087 шайлоо участкасында ийгиликтүү өттү.
Бул тууралуу №2087 Кара-Суу шайлоо участкасынын төрайымы Анара Мааметова буларга токтолду.
— Шайлоочулардын жалпы саны 963 болсо, 525 шайлоочу добуштарын беришти. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тарабынан берилген куттуктоо баракчаларды жаш жана кары шайлоочуларга тапшырдык.
Ошондой эле, 85 жаштагы карыяга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамга көчмө урна уюштурулуп, өз үйлөрүнөн добуштарын беришти.
Шайлоо участкасынын оператору Чынара Коңурбаева:
— Автоматтык эсептөөчү урнабыз бузулбай иштеп, техникалык катачылыктар болгон жок.
Айыл тургуну Шайырбү Оркошова:
— Мамлекетибиздин башына элдин кызыкчылыгын жогору койгон, өлкөсү үчүн иштеген президент келсе.
Даярдаган: Рыскулова Нуриза