Сокулук районуна караштуу Жал айылынын мектеби 2000-жылы 22-марттан тартып Рүстөнбек Мамыралиев атындагы гимназия орто мектеби деген статусту алган. 19-октябрь күнү аталган мектепте Гимнизист күнүнө карата иш-чара болуп өттү.
Мамыралиев мектебинде кыргыз тили сабагынан берген Гүлсана Жаныбекова 5-класстар менен даярданып, концерт уюштурушкан.
“Гимназисттердин убадасын берип, уураныбызды айттык. Жусуп Баласагындын “Кут алуучу билим” дастанынан үзүндү алып жаттадык. Менин классымдагы окуучуларым көркөм окуу, обондуу ырларды аткарып сахнага чыгышты”, — деп билдирди Жаныбекова.
География мугалими Чынара Дүшөналиева гимназисттер кандай болушу керектиги тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.
“Гимназисттер өзү окуунун алдыңкылары болуш керек деп ойлойм. Мисалы Александр Сергеевич Пушкин да гимназист болгон. Дагы алдыңкы-алдыңкы чыгаан инсандардын бары эле гимназия класстарда окуп билим алып чыгышкан. Муну биз тарыхтан, адабияттарадан таанып келебиз. Ошон үчүн мугалимдер дагы окуучуларды алдыңкы ийгиликтерге жетип билим алгыла деп ар дайым баса белгилеп айтып келебиз. Себеби билим алуу ийне менен кудук казганга барабар. Мектепте жакшы окусаң келечегиңе керек. Гимназия майрамыңар менен кутуктайм!”
5-класстын окуучусу Акмарал Бектенбекова иш-чарада көркөм окуу боюнча талантын көрсөткөн.
“Биз бул гимназист күнүнө карата уюшулган концерттик майрамга үч күн аралыгында даярдандык. Убакыт аз болгондуктан, көбүнчөсү класс жетекчибиз Гүлсана Максатовна көркөм окууларды, ырларыбызды жаттатып биз менен даярдык көрүп келдик десек болот. Сахнага чыгарда толкундандым. Биз 1-4-класска чейин жакшы окуганбыз, ошондуктан быйыл гимназия класс болдук. Эми мындан ары дагы окууда көп деген ийгиликтерге жетебиз деп ойлойм”, — деди Акмарал.
Даярдаган: Асел Эркинбекова, Акыл Манасбек уулу.
Редактару: Ууржан Молдокулов