Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургундарына сууну кайра чыгаруу үчүн 28 миң сом акча каражаты жумшалып, жашоочулар таза суу менен камсыз болуп калышты.
Куу-Майдандагы суу чыгарып турчу насос бузулуп калганына байланыштуу таза суу бир айга токтоп калган болчу.
Айылдагы суу чарба башчысы Акматали Жолдошовдун айтымында, сууну чыгарууга айыл өкмөтү 20 миң сом акча каражатын бөлгөн.
“Сууну чыгарыш мага аябай кыйынга турду. Айыл өкмөтү 20 миң сом берген болчу, бирок ал жетпей мен өзүмдөн чыгардым калганын. Эми айыл тургундары сууга салык төлөгөндө өзүмө алып калам”, – деди Жолдошов.
Айыл тургуну Аким Толубаев “Биз суу чыкпай калганда кыйналдык, алыс жактардан суу ташып жаттык эле, мына эми суу чыгып жакшы болду” деди.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейн