Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылында окуучулар менен ата-энелерге өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун, суициддин жана диний экстремизмдин алдын- алуу боюнча жыйын болду.
Жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттигинин райондук бөлүмүнүн жооптуу катчысы Досов Эмил, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасынын орун басары Мирзахамдамов Мирзоумор, райондук Улуттук коопсуздук комитетинин ыкчам кызматкери Тургунбаев Мыктыбек, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-өкүлү, милициянын капитаны Токтобаев Санжарбек, райондук прокурорунун жардамчысы Алиев Айбек, Райондук Билим берүү бөлүмунүн кызматкери Дарманкулов Касымбек баш болгон коноктор келип ата-энелерге, окуучуларга аталган темалар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

«Азыркы мезгилде миграциянын көптүгүнөн ортодо балдар оор кырдаалда калып калган учурлар кездешип жатат. Туугандарынын колунда калган балдар ар кандай зордук-зомбулукка кабылып жатышат. Ошондуктан ата-эне өзү тарбиялоо шарт. Бүгүнкү жыйналышыбызда ата-энелерге бул орчундуу маселелерди түшүндүрүү эле,»-деп билдирди жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттигинин райондук бөлүмүнүн жооптуу катчысы Досов Эмил.
«Мен бүгүн диний экстремизм боюнча түшүндүрдүм. Азыр диндин ар түрдүү агымдары чыгып жатат. Жаштар түшүнбөй туура эмес агымдарга кирип кетпесин деген максатта биз жер-жерлерди кыдырып, түшүндүрүп жатабыз. Ислам дини таза дин, эгер аны туура түшүнсө эң жакшы, кылмыштуулук жок болот,»- деди райондук аксакалдар кеңешинин төрагасынын орун басары Мирзахамдамов Мирзоумор.
Райондук прокурорунун жардамчысы Алиев Айбек: «Өспүрүмдөр арасында суицидге барган балдардын саны көбөйдү. Акыркы үч айды алсак район боюнча төрт суицидге барууга аракет кылган фактылар катталган. Жаштар, айрыкча окуучу балдар ата-энеси урушуп койсо же курбу, достору менен тил табыша албай калганда суицидге барып жатышат. Өмүр бир келет. Ошондуктан, балдарга айтарым чыдамдуу, сабырдуу болгула.»
Келген конокторго ата-энелер тарабынан суроолор берилди.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ