Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылында жаш талант Замир Байматов концерт койду. Ал учурда коңшу мамлекетте өттүүчү музыкалык сынакка катышуу үчүн даярдыктарды көрүүдө.
Бул концерт жаш таланттын алгачкы кадамы жана Нышанов мектебине ушул концертти анын сахналаш достору жана карындашы келип Замирдин ийгиликтери үчүн жардамдарын көрсөтүштү.
Замир Байматовдун айтымында, «Менин негизги максатым жакында Казакстанга конкурска барам, конкурска катышышым керек. Кыргызстанда Ноокат району боюнча мени тандап алышты. Буга чейин кайрымдуулук концерти боюнча бөлүп калышыптыр, ошентип ар кайсыл жерлерде 1 ай ырдап, иштеп жүрдүм десем болот. Ошондуктан, мага Ноокат районунан конкурска барсаң өзүңө бир аз иштеп ал деп уруксат кагазын берди,»-деп билдирди Байматов.
Администратор Марскан Табышбекованын айтымында:
«Биз ушул Нышанов атындагы мектепте турабыз, себеби өзүңөрдүн жердешиңер Замирдин тушоо концертин өткөрүп жатабыз. Бул концерт дагы көптөгөн мектептерде болду. Менин колумдан Ильяз Абдразаков, Түмөнбай Колдошов, Замир Мырза жана башка көптөгөн белгилүү ырчылар чыккан. Буюрса, Замирди да ошолордун катарына кошобуз деген жакшы ниеттер бар,»-деп билдирди Табышбекова.
Көрүүчү Мадина Камчыбек кызынын айтымында: «Мен бүгүнкү концертке киргениме абдан кубанычтамын, көңүлдүү жакшы маанайда өттү. Биз берген билет акчасы 30 сом жөн эле жок болуп кетмек, баарына ыраазычылык билдирем,»-деп сөзүн толуктады Камчыбек кызы.
Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы