Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында май айында жүргөн селден жабыркаган ички арыктар оңдолуп, алардын ордуна лоток курулууда.
Учурда лоток куруу иштери кар жаагандыгына байланыштуу токтоп турат. Ооган-Талаа айылынын башчысы Муктарбек Дөлдөевдин айтымында, май айында Талжырга, Үч-Кол, Оробашы, Как коктуларынан айыл ичине сел түшүп, бир топ кыйынчылыктарды жараткан.

«Анан ошол кезде ӨКМден, акимчиликтен адамдар келишти. Алар менен губернатор да келди. Аларга биз ички арыктарды оңдоо маселесин койгонбуз. Андан кийин Кызылай коому менен биргеликте семинар өткөзүп, Кызылай коому 450 метр жерге лоток курууну каржылады», — деп билдирди Дөлдөев.

Айыл башчысы курулуш материалдары пландалгандан кечирээк келип калганын айтат. Мындан улам 100 метр жерге лоток салынгандан кийин каар жаап, курулуш иштери токтоп калган.
Күн ачылып аба ырайы ысыса кайра куруу иштери уланмакчы.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн