Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде мугалимдер окуучуларын олимпиадага даяроодо. Айылдык деңгээлде жакшы ийгилик көрсөткөндөр райондук баскычка жолдомо алышат.
Жаңыл Борбиева 13 жылдан бери ушул мектепте биология мугалими болуп иштеп келет. Айтымында, олимпиада ар бир предметтен өтүлөт жана төрт баскычтан турат: 1-тур айылда класстар арасында, 2-тур райондук деңгээл, 3-тур облустук деңгээл, 4-тур республикалык.
— Мен үч окуучуну олимпиадага даярдап жатам. Алар 11-классынын окуучусу Кушбак Таирбек уулу, 10-классынын окуучусу Элиза Батырбек кызы, 9-классынын окуучусу Жылдыз Акылбек кызы. Окуучуларым класстык деңгээлде жакшы көрсөткүчтөргө жетти. Учурда интернеттен жана тесттик китепчелерден райондук деңгээлге кызуу даярданып жатабыз.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн