Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин мугалимдери жана окуучулары СПИД күнүнө карата жөө жүрүшкө чыгышты. Жүрүштө ар кандай плакаттарды көтөрүшүп, ураан-чакырыктар менен эки километрдей жол жүрүштү.
Мектептен чыккан окуучу жана мугалимдер Учкун айылынын башына чейин барышыты. Мындай нерсени көп деле көрбөгөн айыл тургундары сүйүнүп, көпкө чейин катышуучуларды карап турушту.

Токсобаев мектебинин директорунун орун басары Нурсултан Асанбеков айылдын башына баргандан кийин келе жатканда оорукананын дарыгерлери жана мугалимдер окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, жөө жүрүш аяктаганын айтты.

— Биринчи уюштурулуп жаткандыктан кандай болду экен деп абдан сарсанаа болгом, бирок башкалардын айтымында, жакшы болуптур, мен да сүйүнүп калдым. Окуучулар тартип бузбай жакшы барып келишти. Келе жатканда айылдын ооруканасына барышып, окуучулар кенен маалымат алышты деп ойлойм. Алар да абдан жакшы маалыматтарды беришти. Мурун да уюштурабыз деп жатышкан бирок, колго алган киши жок болгон.

Жүрүшкө 9-10-11-класстын окуучулары жана мугалимдер катышты. 11:00де башталган жүрүш эки саатка созулду. Жүрүш учурунда окуучулар эрежени сакташып, тартип бузууларга жол берген жок. Айыл тургундары да атайын окуучуларга тоскоол болушпай машинелерин токтотуп өткөрүп жатышты.

Мекте парламентинде иштеген милициянын жаш жардамчылары жол коопсуздугун карап, ар бир катышуучу баса турган жерлерге турушту. Кээ бири чыныгы милициядай эле машинелерди токтотушуп, айдоочуларга «бир аз токтоп туруңуз» дешип түшүндүрүп жатышты.
Мындан сырткары мектепте СПИДге каршы башка иш-чаралар уюшулду: 6-класстар аралык шамдагайлар оюну, СПИД туурасында дил баяндар сынагы, жогорку класстар аралык футбол жана волейбол оюндары болуп өттү. Жакында 10-класстар театр коюшат.

Жүруштүн катышуучусу Гүлжигит Төлөбек уулу «Биз плакаттарды өз колубуз менен жасап көтөрүп чыктык. «Биз СПИДге каршыбыз» деген ураан менен айылыбыздын башына чейин барып кайра келдик. Мындай нерсени айыл туругндары да биринчи жолу көрүп жатышкандыктан абдан кызыктуу болду» дейт.
СПИД жана жүрүш туурасында оорукананын башчысы Замира Базарбаева:

— Бул өтө коркунучтуу дарт. Чекесинен жеп отуруп, адамды өлүмгө дуушар кылат. Мектептеги кичине окуучулардан баштап баарыгерлер бул оору кайдан жугат ошолорду түшүндүруп бериши керек. Учурда биздин даарыгерлер кош бойлуу аялдарды текшерүүдөн тынбай өткөрүп жатабыз, себеби бул оору энеден балага да жугушу мүмкүн. Биздин мектепте эң мыкты деңгээлдеги СПИД күнүнө карата жакшы иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Муну менен кошо мугалимдер менен дарыгыгерлердин ортосунда мыкты байланыш түзүлүдө. Окуучулар мурун жөө жүрүшкө чыкчу эмес, мектептерге эле барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп койчубуз. Мунусу өзгөчө болду. Көчөдө окуучулар ураандарды көтөрүп жүрүшкөндө, кичинекей баладан баштап чоң кишиге чейин бул оору жаман оору экенин билип алышты. Жөө жүрүштүн пайдалуулугу, мааниси жакшы деп эсептейм. Ушул жөө жүрүштү мындан ары да уланта деле берсек болчудай экен.
Мектептин 9-классынын окуучусу Кайрат Ишен уулу бул оору туурасында мурун көп деле биле бербегенин, билип алган соң эми үйдөгүлөргө да айтам деп жаткан учуру.

— Мен чынын айтсам бул ооруга деле көп маани берип, сыналгыдан деле көрчү эмес экенмин. Бул коркунучтуу дартты билип абдан коркуп калдым. Бизге дарыгерлер да көп маалымат берди.

Жүрүштө окуучулардын маанайы да абдан көтөрүлүп, ураандарды айтышып, кээ бири дагы бир күнү сөзсүз чыгабыз деп жатышты. Кээ бир жолдон өтүп бара жатышкан айдоочулар да машинелеринен баштарын чыгарып алып карашып, азаматсыңар дегендер болду. Бул сөздөр окуучуларды келечекте да ушундай жүрүштөрдү кылуусуна шыктандырды.

Жүрүштү көргөн мектепти бүткөндөр да, алар менен бирге ураандарын айтышып жүрүштү.
Даярдаган: Аяна Урмат кызы
Редактору: Асанкул кызы Жанара
Сынак үчүн