Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын мектебинде оңдоо иштери жүрүүдө.
Мектепте жылда жай мезгилинде оңдоо иштери жүрүп, жаңы окуу жылына даярдашат. Быйыл мектептин оңдоп-түзөө иштерине мамлекеттик бюджеттен 54,505 сом бөлүнгөн.
Мектептин чарба иштери боюнча адиси Шакир Алыкуловдун айтымында, оңдоо иштерине тогуз жумушчу тартылган.
«Биз мектепти жылда ремонттоп, быйыл да оңдоп жатабыз. Быйыл полдорун сырдап, шыбын түзөтүп, дубалдарын актайбыз, терезе, эшиктерди да сырдайбыз», — деди Алыкулов.
Даярдаган: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн