Тынчтык Бугучиев Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында туулуп өскөн. Кичине кезинен эле кино тартууну кыялданган каарман учурда сегиз даректүү жана жети көркөм тасмалардын автору.
Бугучиев Устаты Кыргыз Эл артисти Молдосейит Мамбетакуновдун кеңеши менен кинотасмалардан сырткары чоң масштабдагы маданий-массалык иштерге да режиссерлук кыла баштаган.
Ал 2015-жылы Соң-Көлдө “Манас” фестивалынын экинчи айлампасын, ал эми быйыл “Манас” маданият фестивалын ийгиликтүү даярдаган.
— Кино тартууда кыйынчылыктар болбой койбойт. Эң негизгиси коллектив менен иштегендиктен ар бири менен тил табыша билүү керек. Кастинг менен кесипкөй актерлорду тандаганга аракет кылабыз. Кээ бир учурда каражаттын жетишсиздигинен актер эмес жарандарды алууга туура келет. Бирок “Эл ичи — өнөр кенчи” дейт эмеспи, карапайым адамдардын арасында таланттуулар бар. Ошентсе да кастинг — кинонун мыйзамы.
Бугучиев 2010-жылы тарткан “Салам Бишкек” кинотасмасынын уландысы катары жубайынын идеясы менен “Салам Ош” кинотасмасын тартып жатат. Сценарийин ал өзү жазган. Жубайы Мунара Бугучиева да режиссер. Учурда ЭЛТР телеканалында эмгектенет.
Ак-Талаадан чыккан киночу тасма тартуудан сырткары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана исскуство университетинде окутуучу болуп эмгектенет. Бала чагында сүрөт менен кино тарткан Бугучиев келечекте элдин каада-салтын, үрп-адатын экран аркылуу жаштарга таанытуу максатында чоң долбоор иштеп чыгарын кошумчалады.
Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!