Түп районунун Карасаев айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 849 миң сом бөлүнүп, тендер аркылуу Тасма, Токтоян айылдарынын ички жолдору оңдолуп жатат.
Карасаев айыл аймагынын Тасма айылындагы Тынтай көчөсүнө 1260 метр, Адыбаев Абдыкерим көчөсүнө 850 метр, Токтоян айылынын Ордобаев көчөсүнө 800 метр жолго кум төгүлүп, грейдер менен түздөө жүрүп жатат.
Айыл аймагынын жерге жайгаштыруу, өзгөчө кырдаалдар жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Нурбек Усеновдун айтымында, бул жолдор Совет дооруна бери оңдолгон эмес.
“Айыл чарба техникалары жана жеңил машиналар өткөн учурда баткак басып, элдин жашоо-турмушуна оордук келтирген. Азыр болсо СССР убагында оңдолбогон жолдордун баары түзөлүп, калыбына келип, элдин турмуш шарты оңолууда”, — деп билдирди Усенов.
Айыл тургуну Гулиза Сакбаева эми кашаалар жылып, жол кеңйип жакшы болуп калаарын айтты.
“Мурун бул көчө аябай жаман болчу, такыр оңдолгон эмес. Балдар мектепке барганда аябай булганып, жада калса баса албай, коляска сүйрөй албай калганбыз. Эми кудай буюрса жолубузга жаңы кум төгүлө баштады, бүтсө жыргап эле калат болушубуз керек”, — деди Сакбаева.
Айыл тургуну Асел Байготоева мындан ары көчөнүн абалы жакшы болуп калат деген ойдо.
“Биз Тынтай көчөсүндө жашайбыз, чынын айтсам мурун жолубуз өтө эле жаман болчу, чуңкурлар көп болуп, баткак болуп, машиналар тыгылып, өзгөчө жаздын күнү жаан-чачында аябай кыйналчубуз. Эми кум төгүлсө өзүбүздүн келечегибизге жакшы болот деп ойлойм”, — деп айтып өттү Байготоева.
Даярдаган: Саадат Турдуматова
Сынак үчүн