Күндөн-күнгө ата-энелерди таң калтырып, балдардын акыл-эсинин өнүгүшүнө арналган ар кандай жаңы саамалыктар чыгып жатат. Учурда алардын эң популярдуусу болуп менталдык арифметика эсептелет.
Менталдык арифметика деген эмне, анын балдарга кандай пайдасы бар деген суроолорго жоопту Талас шаарындагы «Смартум» уюмунун директору Айбийке Искендеровадан алдык.
Менталдык арифметика 4 жаштан 16 жашка чейинки балдарга өз потенциалын өстүрүүгө, креативдүүлүгүн жана татаал эмес кызыктыруучу сабактардын жардамы менен аң-сезиминин тездигин жогорулатууга жардам берет.
Ноябрь айынан тарта Талас шаарында бул методика менен сабак өтүлүп жатат. «Смартум» эл аралык компаниясынын Таластагы филиалынын регионалдык директору Айбийке Искендерова менталдык арифметика тууралуу маалымат берди.
— SMARTUM менталдык арифметика — бул оозеки эсептөө системасынын негизинде түзүлгөн инновациялык, жогорку эффективдүү интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрдү жогорулатуу курсу. Менталдык арифметиканын негизги принциби болуп баш мээдеги эки жарым шарчанын бир убакта иштеши эсептелет. Өз интеллектисин менталдык арифметиканын принцибинде өстүрүү менен, балдар инсандын мындан аркы ийгиликтерине жана чыгармачылык өнүгүшүнө катуу негиз салышат.
Баарыбыз эле, балабыздын ийгиликтүү адам болушун каалайбыз! Баланы ушундай кылып тарбиялоону кантип аткарыш керек, бул маселелер ар бир мээримдүү ата-энени ойлондурат.
Бүгүнкү күндө балдар үчүн окутуу программаларын сунуштаган көптөгөн борборлор жана йиримдер бар. Алардын бардыгы баланын бир тараптуу өнүгүүсүн сунушташат – бул музыка, чыгармачылык, мектепке даярдоо, театралдык студиялар, шахмат.
Менталдык арифметика курсуна барып, ийгиликтерге жеткен кенже топтун окуучуларынын жогорку ылдамдыкта эсеп чыгарууларына күбө болдук.
Даярдаган: Саадат Нуржан кызы