Өзү тракторист болсо дагы көп кырдуу өнөрдүн ээси Нургазы Кыдыралиев Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну.
Айыл тургуну Нургазы Кыдыралиев мектепте оператор болуп иштейт. Анын өнөр казынасы менен тааныштык.
Баяндоо Кыдыралиевдин атынан жүрөт.
Ушул айылда туулуп өстүм. Бойго жеткенде эле чабан болуп иштедим, кочкор, саан уй бактым. Ошол учурда кыркын маалында кой кыркып жүрүп, бир кесиптин ээси болуп калдым.
Жарык жеткиликтүү болгон жерлерде өзүмдүн куралымды ала барып кыркып келем, болбосо кайчы менен кырка берем. Кайчы менен кыркканда 40 чамалап кыркам. Койлор семиз, жүнү жакшы болсо кыркынчыга жеңил болот.
Өзүмдүн билимим тракторист. Бирок башка кызматтар менен алектенем. Колхоз тараганда жумушсуз калып эле светчиликти өзүм эле үйрөнүп алдым, кызыгуум бар болчу. Айылда 4 жыл светчи болуп иштедим. Азыр мектептин операторлук кызматында иштейм. Ал жерден сантехниктин, жыгач устанын жумуштарын өзүбүз эле жасайбыз.
Кайрылган кошуна колоңдордун плитка, нан башыргыч, суу жылыткыч, ток самоорлорун оңдоп берем. Кээде бут кийимдерди да тамандап, кыдырата тигем. Негизи бут кийимди жаңы алганда эле такалап, тамандап, кыдырата тиктирип алса көбүрөөк кызмат кылат. Ошондуктан үйдүкүн эрте эле жасап алам. Анан кайрылгандардыкын жасап берем.
Койдун башын кыркынчылар быйыл 35 сомдон кырктык. Былтыр деле ошол баа болчу. Калган кызматтарыма баа койбойм. Жарактан чыккан материалдарын алдыртып алып эле жасап берем.
Биздин айыл бышыкчылыктуу, колуман келгенин эгип коюп жайлай багып жыйнап алам.
Мага баары жагат, өзүм кызыгып үйрөнүп алгандан кийин баарын тең элге эргүү менен жасайм. Дагы деле көп нерселерди үйрөнүп алгым келет. «Жигитке 70 өнөр аздык кылат» дегендей.
Сүрөт: Мырзайым Болдубек кызы
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева