Суусамыр айылынын тургундарынын көпчүлүгү Бишкек-Ош жолунда соода-сатык менен алектенишет. Жол боюндагы тургундар бир сезондо 200 миң сомго чейин акча табышат.
Алар жолдогу жүргүнчүлөргө, кымыз, курут, сары май, каймак, айран, куурдак сатышат.
Суусамыр айылынын тургуну, соодагер Чынтемир Аманкулов жол боюнда иштеп, көптөгөн ийгиликтерге жетишкенин айтты.
“Биз бул жакка үч жылдан бери соода кылганы чыгабыз. Кардарлар көбүнчө кымыз, куурдак, май-токочко басым жасашат. Өзүбүз 12 бээ, 15 уй саап, сүттөрүн өткөрөбүз. Кымызды өзүм жасап, саамал кылып сатам. Жакшы эле каражат таап жатабыз.”
Айыл тургундары бул жерде 1 литр кымызды 80 сом, 1 кг курутту 150-180 сом, каймакты 250 сомдон сатышат.
Ал эми дагы бир соодагер Айнура Эшимбаева бул жерден тапкан кирешесине өз үй-бүлөсүнө кышкысын керек болгон буюмдарды алаарын айтты.
“Бул жакка чыкканыбызга 3 жылдын жүзү болду. Соода абдан жакшы болот. Экологиялык жактан таза, кошмо жок, эл катары кымыз, сары май, чөбөгө сатабыз. Тапкан акчабыз менен алган карыздардан, насыялардан кутулабыз. Талыкпай иштесек 150 миң сомго чейин табабыз.”
Көп жылдан бери соода кылган Жыргал Кулматов бул жактан бир гана акча табуу эмес, ден соолукту да чыңдаса болоорун билдирип, соода кылуунун жолдору менен бөлүштү.
“Биздин бул жакта соода кылганыбызга быйыл жети жыл болду. Ошондон бери жакшы ийгиликтерге жетиштик. Өзүбүз ушул жерде бээ саап, саамал кылып сатабыз. Кардарлар да кымыздын өзүн эмес саамалды көп сурашат. Таза продукция сатсан, кардарларың көбөйөт. Ошондуктан дайыма өзүбүздүн таза продукцияны сатканга аракет кылабыз.”
Бул жакта соодагерлер кымыз, курут менен гана чектелбестен ашкана ачып, тамак-аш саткандар да бар. Алардын бири Элмира Орозбаева 4 жылдан бери ашкана иштетет. Ал Талас облусунун Кара-Буура районунан келген.
“Менин иштегениме тогуз жылдан ашты. Башка кафелерде иштеп жүрүп, 4 жылдан бери өзүм ашкана ачып иштетип жатам. Бизде жай мезгилинде сезон болот. Тамактын 12 түрүн жасап сатабыз. Андан тышкары кыздар-балдарды жумушка алып, жумуш орду менен камсыз кылам.”
Ошондой эле, Суусамыр өрөөнүнө бээнин сүтүн ичип, ден соолуктарын бекемдегени келген эс алуучулардын саны да көп.
Даярдаган: Умсунай Ачыкова