Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан Тургун Суранчиев атындагы айылдык ооруканага дарыгерлер жетишсиз.
Тургун Суранчиев атындагы оорукананын башкы дарыгери Айгүл Чотоеванын айтымында, ооруканада учурда бир эле дарыгер бар.
“Терек-Суу айылындагы оорукана жалпы 14500 адамды тейлейт, бул эки айыл өкмөттүн эли. Өзү бизде гинеколог, терапевт, педиатр болушу керек. Бирок, бизде жалгыз эле педиатр иштейт. Бул маселени чечүү үчүн биз айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш менен биргеликте арыздарды берип жатабыз, айыл өкмөткө, жогору жактагыларга, тийиштүү мекмелерге кагаз жүзүндө кайрылып жатабыз. Бирок, бизде канча жылдан бери кадрлар маселеси чечилбей келет. Гинекологубуз бар эле, ал дагы жеке менчик клиникага кетип калды. Учурда мен жана педиатр экөөбүз иштеп келе жатабыз. Бизге акушер-гинеколог, терапевт, ненатологдор жетишсиз. Ооруканада өзү 23 койка, 10 родильный, 13 соматика бар”, — деп токтолду Чотоева.
Ооруканада дарыгерлердин жетишсиздигинен тышкары башка көйгөйлөр да бар дейт башкы дарыгер.
“Бизде суу маселеси дагы көйгөй жаратат. Мисалы, канализациялар иштебейт. Биз дагы долбоор жазып, ар кайсы жакка кайрылып жатабыз. Бизге суу чыгарыш керек, суу түтүктөрүн жаңылаш керек, ажаткана, жуунуучу жайларды түтүктөрү эскирип калган. Ошолорду оңдосок эле, бардыгы калыбына келгени турат. Бирок, акча маселеси тартыш болгондугуна байланыштуу чечилбей келет. Биз айыл өкмөткө, атайын фондго арыз жазып жатабыз, ошолордун жыйынтык болсо, чечилет деген оюбуз бар”, — деп кошумчалады Чотоева.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Конкурс үчүн