Айылда сезон башталаары менен эл жаңгак тере баштайт. Талаага чатыр тигип, сезон бүткөнчө талаада жашашат. Мындай көрүнүш сезон суук болуп, каар жааганга чейин уланат.
Кээ бири жөн гана талаага барып, шамалда түшкөн жаңгактарды терип келишет.
Ал эми жери барлар болсо, жерине чатыр салып, көчүп кетишет. Качан тоого каар жааганда гана кайра келишет.
Аба ырайы суук болсо, ошол чатырчанын ичинде болушат.
Эгерде жаан жааса, басылганга чейин күтүп, жаан басылган соң жаңгак тергени жөнөшөт.
Жаңгак терип жүргөндө ар түрдүү, зыяндуу жандыктар кездешиши мүмкүн. Мисалы жыландар. Алардан өтө сак болуш керек.
Негизинен токойдун көпчүлүк бөлүгүн жаңгак дарактары ээлейт.
Айрым жерлерде булактар да бар. Чатырда жашагандар сууну ошол жактан ичишет.
Жаңгак жерлери алыс болгондуктан Нива сыяктуу унаалар менен чыгышат.
Жаңгакты көбүрөөк топтош үчүн жаңгакка товарларды алмаштырышат.
Пайда көрүш үчүн айылдагылардын кээ бири жаңгакты элден алышат.
Анан аны кургатышат.
Пайда көрүш үчүн жаңгакты чагып маңыз кылышат.
Жаңгак көп болгондуктан акча төлөп коңшуларына чактырат.
Жаан жааганда окуучулар сабактан калып, акча табуу үчүн жаңгак тергени талаага чыгышат.
Жаан жаап шамал болгондо жаңгактар түшүп калат.
Жогорку класстын окуучулары жаңгак терип, кышкыга кийим кылып, ашканын ата-энесине беришет.
Автору: Айсулуу Эркинбекова жана Курманбекова Алия