Акыркы жылдарда Токтоян айылында курулуш иштери көп жүрүп жатат. Айыл тургундары курулуш үчүн тактайларын башка айылдарга жана шаарларга барып тилдирип келишчи. Бул алар үчүн көптөгөн чыгымдарды алып келген.
Айыл тургуну Чымыров Мырзабек тактай тилүүчү жай ачты. Ал өзүнүн тактай тилүүчү станогу жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду:
Тактай тилүүчү станокту алып келгениме 3, 4–айдын жүзү болду. Алып келгенимдин себеби, элдин керегине жарасын дедим. Станокту алып келгениме 180 миң сом сарпталды.Тактай тилдирүү үчүн жеке эле биздин айылдан эмес коңшу айылдардан да келишет.
Байгалы уулу Жолдошбек тактай тилүүчү станок жок кезде кандай кыйынчылыктарга дуушар болорун айтты.
Айылга тактай тилүүчү жай ачылганы жакшы болду, анткени станок жок кезде биз коңшу айылдарга барып тилдирип келчүбүз, ага да көп каражат сарпталчы.
Айылыбыздын тургуну Кайкиев Саламат тактай тилүүчү жайдын ачылышы айыл тургундарына жеңилдик болорун билдирди.
«Токтоян айылынын тургундарына пайдасы жакшы эле тийип жатат элдердин көбү да курулуш жасап жатышат материал керек болуп башка айылдарга же шаарга барбастан өзүбүздүн айылыбыздан даярдап алсак болот», деди Кайкиев Саламат.
Мындан ары да айыл тургундары ушул сыяктуу станоктор менен камсыз болушуна тилектешбиз.
Даярдагандар: Максат уулу Калыгул, Кудайбергенов Алишер