Баетов айылындагы орто мектептеринин орус класстарында 100 дөгөн окуучу окуйт. Окуучулардын көпчүлүгүнө окуу китептери жетишсиз. Мунун айынан жыл сайын ата-энелер балдарына эң кеминде дегенде 1000 сомдон ашуун акча сарпташат.
Ушул маселе боюнча Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин орус классынын окуучулары Сатарбекова Нургиза менен Замирбекова Нурзат мындай дешти.
Орус класстары үчүн бардык эле китептери жетишпейт. Мектептин китепканасынан 3-4 эле китеп алабыз, калганын башка жактан сатып алыбыз.
Көбүнчө кайдан сатып аласынар?
Жогорку класстын окуучуларынан же шаардан сатып алабыз. Бирок ал деле колдонулган китептер. Эгерде шаардан сатып алсак 300-350 сом, ал эми бул жактан алсак 200-250 сомдон болот.
Балдары орус класста окуган окуучулардын ата-энелери дайыма китеп жетишсиздигин айтып келишет. Айрымдары балдары үчүн өздөрүнүн чөнтөгүнөн чыгарып китеп сатып беришүүдө. Кээ бир үй-бүлөлөрдө 4-5тен бала окуйт. Бирок бардык эле ата-энелердин акча каражаты жетише бербейт. Ал эми эч жерде иштебеген ата-эненин балдары бир да китеби жок окушат дейт Абдыкадырова Кайыркул.
Азыркы кезде китептер жетишпейт. Менин кызым 5-класста окуйт. Ага быйыл 6 китеп сатып бердим. Ар бирин 200 сомдон сатып алганда эле 1200 сом болду. Эгерде ар бир үйдө 4-5 бала окуса канча сомго сатып алыш керек?
Бүгүнкү күндө китептер жетиштүү болсун үчүн кандай сунуш айтасыз?
Китеп жетиштүү болуш учун ата-энелер чогулуп китеп фондун түзүү керек. Эгер бир жолу жогорку класстар үчүн сатып алсак аны кийинкилер окуй берет эле.
Эмне учун орус класстар окуу китептери менен толук камсыз болбой жатат деген суроо менен Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Молдокматов Туякбек агайга кайрылганыбызда мындай дейт:
Эмне себептен орус класстарга китеп жетишпейт?
—Орус класстарга китеп жетишпегенинин себеби, азыр Кыргыз Республикасында билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын китепке деп 100 миллионго чейин акча бөлөт, бирок ошонун ичинен орус класстарга көбүнчө шаар сыртындагы, шаардагы орус мектептери ,Орусиянын китептери менен окушат, а биз Орусиянын китептерин алыш үчүн спонсорлорду табышыбыз керек, аларды табуу үчүн мектептегилер аракет кылышпайт.
-Орус кластарды китеп менен камсыз кылуу үчүн кандай иш аракеттерди жасап жатасыздар?
-Биз Орусия Федерациясынын элчилигине кат жөнөткөнбүз, бирок жооп келе элек. Жакында келет деп күтүп жатабыз.
“Китеп омур булагы” дегендей китеп жок болсо жетиштүү билим ала албайбыз, ошондуктан ар бирибиз мектеп китеп бериш керек дебей өз алдыбызча аракет кылалы.
Даярдаган: Касымалиева Айчолпон.