Айылыбыздагы Садыр Шатенов «кыркын баз» деген жерде малдарды дарылап, ар кандай мал ылаңдарын алдын алуу учун купканы курган. Бул купканын элге кандай пайдасы тийип жаткандыгы тууралуу мындайча маалымат берди.
«Мен айыл жергесиндеги жашоочулардын көбү мал менен алектенээрин билип, тоого купка ачууну ойлодум. Оюмдун жыйынтыгы жаман болгон жок. Малды котурдан арылтып, ылаңдардын алдын алып жатабыз. Эл үчүн пайдасы абдан эле чоң болуп жатат. Купкага малды түшүрүү үчүн жеке эле биздин айылдан эмес, Карасаев айыл өкмөтүнөн, Санташ айыл өкмөтүнөн да келип жатышат», дейт Садыр аке.