Учурда интернет колдонуучулардын 77%ын Бишкектиктер, 10%ын Ош облусундагылар, ал эми 13%ы гана калган облус, шаарларга тиешелүү. Бирок, айыл аймактардагы дүйнөлүк желенин ылдамдыгынын жай болушу маалымат алуу, жөнөтүүдө жана башка керектүү иштерди аткарууда кедергисин тийгизүүдө.
Токтоян айылындагы мектептин 11-классынын окуучусу Гүланда Ибраева: «Интернет биздин келечегибиз»,- деп эсептейт. «Биздин айыл борбордон алыс жайгашкандыктан интернеттин ылдамдыгы жай жана акча дагы көп сарпталат. Бирок, ага карабастан айылдагы жаштардын көбү интернет колдонушат, деди Гуланда өз сөзүндө. «Бизге интернеттин ылдамдыгын бир аз болсо да ылдамыраак кылып беришсе, жакшы болмок деп ойлойм. Анткени, биз керектүү материалдарды көбүнчө интернеттен алабыз,» -деген оюн билдирди Гуланда.
Ал эми ушул эле айылдый А.Коенкөзов атындагы №18 орто мектебинин информатика мугалими Орозобекова Назира интернет колдонуу учурунда кыйынчылыктар болоорун жашырган жок. «Интернеттин сапаты бизди канааттандырбайт. Айылда интернеттин антеннасы жок, ошол үчүн аябай жай. Маалымат издөө үчүн көп убакыт сарпталат», — дейт Орозобекова Назира.
Токтоянда интернет бар, бирок, ылдамдыгы жай. Айыл башчы жакында айылга интернетти алып келүү үчүн иш-чаралар жүрүп жатканын билдирди. «Биз интернет маселесин көтөрүп, жатабыз. Буюрса, кийинки жылы интернет боюнча долбоор жазып, колдоочу уюмдар табылса, алар менен иштешебиз», -деди айыл башчы Атабек Албанов.
Ал учурда Токтоян айылынын тургундары жакында интернеттин ылдамдыгы көбөйүп, аны колдонууга оңой болуп калат деген тилек менен жашап келишүүдө.
Даярдагандар: Гүлжан Нуркасым кызы, Калыгул Максат уулу, Темирболот Оңолбеков.