14-февраль интернационал жоокерлердин күнүнө карата каза болуп калган Сүлүктүлүк ооган жоокерлеринин үй-бүлөлөрүнө, балдарына барып куран окутулуп акчалай жана көмүр менен жардам берилди. Бул ишчараны Сүлүктүлүк ооган жоокерлеринин уюмунун төрагасы А. Кенжебаев жана мүчөлөрү тарабынан уюштурулду.
Иш- чарага шаардык Кеңештин депутаты ,, Кызыл-Булак» ЖЧКнын директору Карабаев Исманали Джумабаевич демөөрчү болуп, ар бир үй-бүлөгө 1 тонна бекер көмүр жана акчалай жардам берди. Иш-чарага шаарда канча интернационалист жоокер болсо баары катышты.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров